
Телефонуңуз менен компьютердин ортосунда камтылгандарды көчүрүү
Сүрөттөрүңүздү жана башка камтылгандарды телефонуңуз жана ылайыктуу
компьютердин ортосунда көчүрүү үчүн, USB маалыматтар кабелин колдонсоңуз
болот.
22
Байланыш мүнөзү

1 Телефонуңузду компьютерге туташтыруу үчүн, USB кабелин колдонуңуз.
2 Төмөнкү режимдерден тандаңыз:
Nokia Suite — Компьютериңизде Nokia Suite орнотулган.
Медия өткөрүү — Компьютериңизде Nokia Suite орнотулган эмес. Эгер
телефонуңузду үй-бүлөлүк көңүл ачуу тутумуна же принтерге
туташтыргыңыз келсе, ушул режимди колдонуңуз.
Массалык сактагыч — Компьютериңизде Nokia Suite орнотулган эмес.
Компьютерде телефон көтөрүп жүрмө шайман түрүндө чагылдырылат.
Эстутум карта кыстарылганына ишениңиз. Телефонуңузду үйдөгү же
машинадагы стерео ойноткуч сыяктуу башка шаймандарга туташтырууну
кааласаңыз, ушул режимди колдонуңуз.
3 Камтылганды көчүрүү үчүн, компьютериңиздеги файл тескемесин
колдонуңуз.
Байланыштарды, музыка файлдарын, видеолорду же сүрөттөрдү көчүрүү
үчүн, Nokia Suite колдонуңуз.